Бишкек менен Чүйдө 15-16-май күндөрү айрым көчөлөр жабылат. График

ЖКККББ мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда аталган көчөлөрдө автоунааларды калтырбоону, жол кыймылын жөнгө салган кызматкерлердин талабын аткарууну өтүндү.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. 15-16-май күндөрү Бишкек шаары менен Чүй облусунун айрым көчөлөрүндө унаа кыймылына маал-маалы менен чектөө киргизилип турарын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматта мындай чара Малайзиянын премьер-министринин Кыргызстанга болгон сапарына байланыштуу көрүлүп жатканы айтылат.
Жабыла турган жолдор:
Фучик көчөсү — “Манас” аэропортунан Жибек Жолуна чейин;
Жибек Жолу проспекти — Фучиктен Манас проспектине чейин;
Манас проспекти — Жибек Жолунан “Ала-Арча” мамрезиденциясына чейин;
“Ала-Арча” мамрезиденциясынан “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине чейин.
ЖКККББ мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда аталган көчөлөрдө автоунааларды калтырбоону, жол кыймылын жөнгө салган кызматкерлердин талабын аткарууну өтүндү.
Ысык-Көлгө барчуларга кулак кагыш. Айрым жолдор маал-маалы менен жабылат