Кыргыз-өзбек чек арасында түш ченде жер титиреди

Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасында очогунда төрт баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, силкинүү саат 12:44тө катталган.
Жер титирөө Аксы районунун Жерге-Тал, Кызыл-Капчыгай айылдарында 4 балл, Боспиек, Күлүк-Дөбө, Мукур айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок экени кошумчаланды.
Таш кулап жабылган Бишкек — Ош унаа жолунун 410-чакырымы ачылды