Бишкектеги кинотеатрда өзбек тасмалары көрсөтүлөт. Убакыт-сааты

Тасмаларды каалоочулар акысыз көрө алат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. 15-16-май күңдөрү Бишкекте Өзбекстандын кино күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Билдирмеге караганда, коңшу мамлекеттин тасмалары эки күн "Россия" кинотеатрында акысыз көрсөтүлөт.
Программасы:
15-май, саат 18:30да "Абдулла Орипов" (реж. М.Эркинов)
16-май, саат 16:30да "Стойкость" (реж. Р.Маликов), ал эми 18:10до "Өзбек кызы" (реж. А.Бектурдиева) аттуу фильмдер тартууланат.
Министрлик ар бир тасманын соңунда көрүүчүлөр авторлор менен тасманы талкуулай алышарын кошумчалады.
Акундун "Бейиш эненин таманында" тасмасы эл аралык сынакта баш байгени жеңип алды