Таш кулап жабылган Бишкек — Ош унаа жолунун 410-чакырымы ачылды

Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун таш кулап жабылган 410-чакырымы тазаланып, жол ачылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, унаа кыймылы түн жарымда калыбына келтирилген. Ал эми жолдо калган чоң таштар майдаланып, бүгүн алынары кошумчаланды.
Белгилей кетсек, кечээ саат 17:40 чамасында Бишкек — Ош жолунун 410-чакырымында таш кулап, Кара-Көлдөн Таш-Көмүргө кеткен жол жабылган. Алгач айдоочулар менен жүргүнчүлөр таштарды өз алдынча алып баштаган. Кийин аларга Транспорт министрлигинин кызматкерлери кошулган.
Эртеңден баштап Боомдо таш кулатылып, унаа жолго чектөө киргизилет