Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Киевдин Белгородго жасаган чабуулунан каза болгондордун саны 15ке жетти

Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Куткаруучулар Белгороддогу турак жайдын урандыларынын астынан дагы бир адамдын сөөгүн алып чыгышты. Бул тууралуу РФтин ӨКМине таянып РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, ушуну менен каза болгондордун саны 15ке жетти. Ал эми 17 кишини аман алып калууга үлгүрүшкөн. Издөө жана куткаруу иштери жыйынтыкталды.
Эскерте кетсек, буга чейин облус Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан аткылоого туш болуп, чабуулдун натыйжасында көп кабаттуу үйдүн бир подъезди урап түшкөн. Мындан улам Россиянын Тергөө комитети теракт боюнча кылмыш ишин козгоп, Коргоо министрлиги Украина "Точка-У" ракетасы менен сокку урганын кабарлаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киевдин Белгородго урган соккусунан 19 адам жабыркады, арасында балдар да бар