Айыл чарба министрлиги өлкөдө күйдүргү катталганы боюнча маалыматка үн катты

Ветеринардык кызмат эпизоотиялык иликтөө жүргүзүп, союлган малдын этин лаборатория изилдеген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Айыл чарба министрлиги өлкөдө күйдүргү катталганы боюнча үн катып, бейтап илдет жуктуруп алды делген малдын эти таза экенин билдирди.
Мекеменин маалымдоосуна ылайык, Ветеринардык кызмат эпизоотиялык иликтөө жүргүзүп, союлган малдын этин лаборатория изилдеген.
"Болжолдуу жыйынтыгы терс чыгууда. Азыркы учурда лабораториялык изилдөөлөр улантылып жатат. Анын жыйынтыгы менен диагноз коюлат. Ошондой эле союлган мал өз учурунда күйдүргүгө каршы эмделген. Жеринде ветеринардык-санитардык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Күйдүргүгө каршы вакцина жетиштүү. Бул илдет боюнча эпизоотиялык абал туруктуу. Мал арасында ылаңдаган жана күмөндүү жагдай аныкталган жок", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Жалал-Абаддан келген аялдан күйдүргү аныкталганын Бишкек шаарындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору маалымдаган. Медиктер илдет мал этинен жукканын божомолдоп жатышкан.
Радио
Сотовалдиев: күйдүргү менен үй жаныбарларынын баары ылаңдайт