Эмгек министрлиги: эки жылда Чүйдө 1 217 үй-бүлө чакан бизнес ачты

Учурда Чүйдө жергиликтүү бийлик башында тургандар чакан бизнес ача турган адамдар менен иштешүү үчүн атайын окутуулардан өтүп жатканы кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Эки жылда Чүй облусунда 1 217 үй-бүлө Эмгек министрлигинин колдоосу менен чакан бизнес ача алды. Бул тууралуу министрдин орун басары Жылдыз Полотова билдирген.
Анын айтымында, бул үчүн мамлекеттен "Социалдык келишимдин" алкагында ар бир бүлөгө 100 миң сомдон акча берилген.
"Долбоор программага катышкан 5,8 миңден ашык үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоосун жакшыртууга мүмкүндүк берип, баары киреше алышууда. Быйыл анын алкагында 23 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет", — деген ал.
Учурда Чүйдө аким орун басарлары, вице-мэрлер жана айыл өкмөт башчылары чакан бизнес ача турган адамдар менен иштешүү үчүн атайын окутуулардан өтүп жатканы кошумчаланды.
Эки жылда өлкөдө мамлекеттин колдоосу менен 144 бал челек чарбасы ачылган