14-майга карата аба ырайы

Шейшембиге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. 14-май, шейшембиде, күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +27...+32, Талас аймагында +24...+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +27...+32, Ысык-Көл жергесинде +19...+24, Нарын облусунда +21...+26 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада жана Ош шаарында +30...+32 градуска чейин көтөрүлөт.
Радио
Гиннесс китебине кирген One Run жарым марафону Бишкекте өтөт