Улуттук банктын акча-кредит саясаты кандай натыйжа берүүдө?

Sputnik
10-майда Кыргызстан өзүнүн улуттук валютасы – кыргыз сомун жүгүртүүгө киргизгенине 31 жыл болду, улуттук валюта мамлекеттин эгемендигин даңазалаган анын ажырагыс символуна айланды. Бул тарыхый окуя эгемен мамлекеттин акча-кредит саясатын өз алдынча жүргүзүүсүнө, ошондой эле улуттук төлөм жана банк системаларынын калыптанышы менен өнүгүшүнө негиз салган.
Улуттук банк өлкөнүн акча-кредит саясаты, жасалып жаткан иштер тууралуу Улуттук Банктын Экономика башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы, Улуттук банктын Банктык көзөмөл башкармалыгынын башчысынын орун басары Эмир Жумаев жооп берди.