Эми журналист болуу үчүн университетке тапшырып кереги жокпу? Өлкөдө коледж журналисттерди даярдамай болду

Sputnik
Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы кесиптик коледж эми журналистерди да даярдап чыгарат. 9-классты бүткөн окуучулар ЖРТны күтпөстөн эле коледждин ички сынагынан өтүп, аталган кесип боюнча билим ала алышат. Бүткөн соң окуусун ЖОЖдун 2-курсуна отуруу менен улантышат. 2000ден ашуун студенти бар, өлкөдөгү ири коледж дагы кимдерди даярдайт, эмне үчүн кесиптик билим алуудагы студенттер ЖОЖдон билим алып жаткандарга караганда активдүү келишет жана кесиптик билим алууда канчасы иш менен камсыз болууда? Ушул жана башка суроолорубузга “Күн башат” уктуруусунун алкагында аталган кесиптик окуу жайдын директору Ардакбек Каныбеков жооп берди.