Ысык-Көлдө пансионаттарга бара турчу жолдор да оңдоло баштады

Жалпысынан 20 чакырым жолго асфальт төшөө пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Ысык-Көлдө пансионаттарга бара турчу жолдор оңдоло баштаганын транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев билдирди.
Анын айтымында, Бостери айылындагы бир нече пансионатка кетчү 1,6 чакырым жолго асфальт төшөлдү.
"Туризмди өнүктүрүү жана жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында жаратылышы кооз жерлерге жете турган жолдорду оңдоого өзгөчө көңүл бурулмакчы. Жалпысынан 20 чакырым жолго асфальт төшөө пландалууда", — деп жазган министр соцбаракчасында.
Буга чейин Текебаев Чолпон-Ата шаарынын ичиндеги башкы көчө 1-июлга чейин оңдолорун убадалаган. Туристтик сезонго байланыштуу тротуарлар, веложолдор жасалып, Чолпон-Ата шаары жашылдандырылууда.
"Каракол" тоо лыжасына барчу унаа жолго асфальт төшөлөт. Видео