Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Батышта Харьковдон улам Украинага катуу эскертүү берилди

Экс-офицер жакынкы жумалар өлкөнүн чыгыш бөлүгүндөгү Украинанын Куралдуу күчтөрү үчүн өтө оор болорун кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Украина Харьков облусун россиялык чабуулдан коргоону чечсе азыркыдан көп жоокеринен ажырайт. Бул тууралуу The New York Times отставкадагы генерал Мик Райандын айтканына таянып жазды.
"Эгер украиналыктар аймакты кандай болгон күндө да кармап турууну чечсе, ансыз да аз сандагы армиясы чоң жоготууга учурайт", — деген мурунку аскер кызматкери.
Эскерте кетсек, ишемби күнү россиялык аскерлер Харьков облусундагы Борисовка, Огурцово, Плетеновка, Пыльная жана Стрелечья калктуу конуштарын бошоткон.
Жума күнү Харьков облусунун россиялык администрациясынын башчысы Виталий Ганчев чек аралаш райондордо кагылышуу болгонун билдирген. Ал чагымчыл маалымат болушу ыктымалдыгын эскертип, жашоочулардан баш калкалаган жайлардан чыкпоону өтүнгөн.
Украина бийлиги региондун түндүгүндө жайгашкан Волчанск шаарынан жана ага жакын жердеги аймактардан тургундар эвакуацияланып жатканын маалымдаган.
Экс-офицер жакынкы жумалар өлкөнүн чыгыш бөлүгүндөгү Украинанын Куралдуу күчтөрү үчүн өтө оор болорун кошумчалаганы айтылды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Сенатор: Украина боюнча Швейцарияда өтө турган саммит — фикция