Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Киевдин Белгородго урган соккусунан 19 адам жабыркады, арасында балдар да бар

Кырсыктан, бактыга жараша, көз жумгандар катталган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Украинанын Белгородго жасаган соккусунан алдын ала маалымат боюнча 19 адам жабыркады, анын ичинде балдар да бар. Бул тууралуу облус башчысы Вячеслав Гладковдун айтымына таянып, РИА Новости жазды.

"Жабыркагандардын бардыгы Тез жардам кызматы менен Белгороддун ооруканаларына жеткирилген. Алтоо медициналык жардам алган соң амбулатордук дарыланууга чыгарылды. Жабыркагандардын абалын премьер-министрдин милдетин аткаруучу Михаил Мишустин өзү көзөмөлдөп жатат", — деген Гладков.

Кырсыктан, бактыга жараша, көз жумгандар катталган эмес.
Эскерте кетсек, буга чейин облус Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан аткылоого туш болуп, чабуулдун натыйжасында көп кабаттуу үйдүн бир подъезди урап түшкөн. Мындан улам Россиянын Тергөө комитети теракт боюнча кылмыш ишин козгоп, Коргоо министрлиги Украина "Точка-У" ракетасы менен сокку урганын кабарлаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Белгородго чабуул. Тергөө комитети теракт боюнча иш козгоду. Соңку маалымат