Эс алып жүрүшкөн. Нарын дарыясынан 4 жаштагы кыз изделип жатат

Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Нарын дарыясынан 4 жаштагы кыз изделип жатканын ӨКМден кабарлашты.
Алдын ала маалымат боюнча, Нарын шаарынын Интернат аймагында Г.Э. аттуу аял эс алып жүрүп, 4 жаштагы кызын Нарын дарыясынын жээгинен жоготуп алганын айтып кайрылган.
Учурда кызды издөөгө ӨКМдин 30 куткаруучусу эки дрон менен, ИИМдин 25 кызматкери, 30дай жергиликтүү тургун тартылганы кошумчаланды.
ӨКМ селдин жүргөн себептерин санап берди