Жаан токтобойт. Келерки аптага карата аба ырайынын божомолу

Синоптиктер келе жаткан жумада дагы күндүз күндүн көзү толук ачылбай турганын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кыргызгидромет 18-майга чейинки аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, жума ортосу, 14-15-май күндөрү гана күн көпчүлүк аймакта ачык болбосо, башка күндөрү жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Чүй

12-13-майда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар түшөт. Ал эми 14-15-майда жана 16-майда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. 16-майда күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтсө, 17-майда күндүз жана 18-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт.

Талас

Аймакта 12-май жаан-чачындуу болот. Ал эми 13-15-майда асман ачык болору айтылды. Анткен менен 16-17-18-май күндөрү кайрадан жаан жаайт.

Ош, Жалал-Абад

Облуста 12-майда көпчүлүк аймактарда, ал эми эртеси, 13-майда, түнкүсүн гана жаан жаайт. 13-майда күндүз, 14-15-майда жана 16-майда түнкүсүн асман ачык болот. 16-майда күндүз айрым жерлерде өткүн өтөт. Ал эми 17-18-майда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Баткен

Региондо 12-майда күндүн көзү ачылбайт. 13-15-майда жана 16-майда түнкүсүн дагы жаан-чачын күтүлбөйт. 16-майда күндүз айрым жерлерде өткүн өтсө, 17-18-майда көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Ысык-Көл

13-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 14-15-майда жана 16-майда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Андан кийинки күндөрү дагы күндүн көзү ачылбайт.

Нарын

12-майда көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 13-майда дагы жаан жаайт. Ал эми 14-15-майда жана 16-майда түнкүсүн асман ачык болот. 16-майда өткүн өтсө, 17-18-май жаан-чачындуу болот.
Жаанчыл болобу? Май айына карата аба ырайы