Салык кызматы: Казакстанга экспорттолчу бут кийимди 1-июнга чейин маркалоо зарыл

Казакстанда бут кийим товарларын маркалоо жана көзөмөлдөө эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Бут кийим өндүрүүчүлөр жана экспорттоочулар продукцияны Казакстанга ташып келгенге чейин же бажы жол-жоболоруна киргизгенге чейин маркаланышы керек. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Казакстанда бут кийим товарларын маркалоо жана көзөмөлдөө эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, товар калдыктарын маркалоо 1-июнга чейин жүргүзүлөт.
"Казакстанда бут кийим товарларын маркалоонун жана байкоо жүргүзүүнүн жаңы эрежелерине ылайык, идентификациялоо каражаттары менен маркаланбаган бут кийим товарларын жана алардын калдыктарын жүгүртүүгө жана жүгүртүүдөн чыгарууга жол берилбейт", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле 1-июнга чейин продукцияны маркалоо аларды импорттоочунун кампаларында ички керектөө же реимпорт үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна жайгаштыргандан кийин жүргүзүлүшү мүмкүн экени кошумчаланды.
Радио
Акматов: Россияга экспорттолчу текстиль продукциялары маркаланышы керек