Эртеңден баштап Боомдо таш кулатылып, унаа жолго чектөө киргизилет

Таш саат 9:00дөн 15:00гө чейинки учурда кулатылып, жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилке менен жүрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Боом капчыгайында беш күн убак-убагы менен таш кулатылат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара 13-майдан баштап 17-майга чейин созулат.

"Таш кулатуу иштери саат 9:00дөн 15:00гө чейин ЖКККББнын кызматкерлери жолду жарым-жартылай тоскондон кийин жүргүзүлөт. Унаалар бир тилке менен жүрөт", — деп айтылат маалыматта.

Иш-чара автоунаа жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.
Балдарга унаа бербегиле! Ош ШИИБи ата-энелер менен ишкерлерге кайрылды