Бишкек — Ош жолунда таш кулап, унаа кыймылы токтоду

Жолчулар трассаны тазалап жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Бүгүн Бишкек — Ош жолунун 410-чакырымында таш кулап, Кара-Көлдөн Таш-Көмүргө кеткен жолду жаап калганын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
1 / 2

Бүгүн Бишкек — Ош жолунун 410-чакырымында таш кулап, Кара-Көлдөн Таш-Көмүргө кеткен жолду жаап калганын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди

2 / 2

Маалыматта автоунаа кыймылы токтотулганы айтылат

Маалыматта автоунаа кыймылы токтотулганы айтылат.
"Транспорт үчүн чектөө киргизилип, жол кыймылынын коопсуздугу камсыздалууда. Транспорт министрлиги жолду тазалап жатат", — дешти башкармалыктан.
ЖКККББ жол ачылганда кабарлай турганын айтты.
Кайрадан нөшөрлөп жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүндүгү эскертилди