Кыргызстанда "Бишкек+25" экинчи глобалдык тоо саммити өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 12 май — Sputnik. БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында болгон токой форумунун алкагында Кыргызстан "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы, тоолуу токойлорду жайылтуу" темасында кошумча иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, кошумча иш-чара Непал, Италия, БУУнун Өнүктүрүү программасы жана Тоо шериктештигинин катчылыгы менен биргелешип уюштурулган. Анда ТИМ башчысынын биринчи орун басары Асеин Исаев өлкөлөрдү БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын алкагында жаңы түзүлгөн Тоолуу өлкөлөр тобуна кошулууга үндөгөн. Ошондой эле Кыргызстанда өтчү "Бишкек+25" экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга да чакырган.
Иш-чарадагылар тоо тармагынын күн тартибин дүйнөлүк аренада мындан ары жайылтуу боюнча бир катар сунуштарды айтып, беш жылдыкты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик жол карта көрсөтүлгөн.
Сууну товар катары кароо мезгили келди. Министрдин орун басары менен маек