Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Белгороддо көп кабаттуу үйгө снаряд түшүп, бир подъезд урап калды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 12 май — Sputnik. Белгороддо көп кабаттуу үйгө снаряд түшүп, бир подъезд урап калганын облус башчысы Николай Гладковдун айтымына таянып РИА Новости жазды.
"Украинанын Куралдуу күчтөрү Белгород жана Белгород облусун аткылады", — деп жазган ал.
Окуя болгон жерге жергиликтүү бийлик башындагылар барганы, жабыркагандардын саны тогузга жеткени кошумчаланды. Айрым ЖМКлар талкаланган үйдүн алдында ондогон адамдар болушу мүмкүн экенин жазууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Көбүрөөк бергиле! Киев Европанын жардамына ыраазы болбой турат