Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Белгородго чабуул. Тергөө комитети теракт боюнча иш козгоду. Соңку маалымат

Соңку маалымат боюнча, куткаруучулар иштеп жаткан маалда чатырдын дагы бир бөлүгү урады.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Белгородго жасалган чабуулдан улам Россиянын Тергөө комитети теракт боюнча кылмыш ишин козгогонун кабарлады.
Эскерте кетсек, буга чейин Белгороддун губернатору Николай Гладков облус аткылоого туш болгонун жазган. Чабуулдун натыйжасында көп кабаттуу үйдүн бир подъезди урап түшкөн.
Соңку маалымат боюнча, куткаруучулар иштеп жаткан маалда чатырдын дагы бир бөлүгү урады. Кырсыктан жабыркагандар жана көз жумгандар бар экени айтылууда. Россиянын ӨКМи ураган көп кабаттуу үйдүн алдынан 12 адамды аман алып чыгышканын айтып, экөө балдар экенин билдирди.
Ал эми Россиянын Коргоо министрлиги Украина "Точка-У" ракетасы, "Ольха" жана RM-70 Vampire залптык оттун реактивдүү тутуму менен сокку урганын кабарлады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Чек арага келип калышат". Киев Россия күчтөрүнүн чабуулунан кооптоно баштады