Башкы прокуратура сынак жарыялады. Кимдер катыша алат

Катышуучулар прокуратура органдарынын тарыхы тууралуу материал даярдашы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Башкы прокуратура "Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына 100 жыл: тарыхы жана азыркы учур" аттуу темада сынак жарыялаганын билдирди.
Конкурска 14 жаштан 35 жашка чейинкилер катыша алат. Алар мыкты сүрөт, видеоролик же дил баян даярдаса болот.
Сынактык иштерди 1-октябрга чейин аймактык прокуратура органдарына тапшыруу зарыл.
Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар берилери айтылды. Кенен маалыматты башкы көзөмөл органынын сайтынан алууга болот.
Президенттик “Акылман” лицейине кимдер окуй алат. Жол-жобосу