Радио

Турдугулов: Ысык-Көлдүн жээгине мыйзамсыз курулуш салууга жол берилбейт

Архитектура, курулуш жана турак жай-комуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бакай Турдугулов Ысык-Көлдүн жээгиндеги мыйзамсыз курулуштарды алуу иштери тууралуу айтып берди.
Sputnik
Мыйзам боюнча, Ысык-Көлдүн жээгинен 100 метр аралыкта эч кандай курулуш болбошу керек, ал эми калктуу конуш 500 метр аралыкта отурукташуусу зарыл. Бул тууралуу Бакай Турдугулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, көл жээгинде мыйзамсыз курулуштарды алуу иштери негизинен Чолпон-Ата шаары менен Бостериде жүрүүдө.

"Ысык-Көлдүн жээгинен 100 метр аралыкта эч кандай курулуш болбошу керектиги жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынганына 20 жыл болду. Инвентаризациядан кийин бир катар мыйзамсыз курулуштар аныкталган. Ошол себептен мамлекеттик курулуш, жергиликтүү бийлик башкармалыктары өздөрүнүн компетенциясынын негизинде мыйзамсыз курулуштардын бардыгын жок кылууга бир катар иштерди жүргүзүшүүдө. 2022-жылдын 26-апрелинде президенттин "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгы чыккан. Анда да өзү билемдик менен курулуп калган мыйзамсыз объектилер тууралуу жазылган. Былтыр суу жээктеги тосмолор алынган эле. Жергиликтүү калк деле пляждык аймак сакталышы керектигин айтууда. Көл жээгинде жеңил конструкция менен ар кандай курулуштар, пирстер салынып калыптыр. Эч кандай документтери жок. Ошол себептен бузууга аргасыз болдук. Чолпон-Ата менен Бостериде 100гө жакын мыйзамсыз объектилер, суу жээгиндеги соода павильондору аныкталды", — деди Турдугулов.

Ал Ысык-Көлдүн курорттук ирригациялык аймагындагы курулуштардын ар биринде инженердик-коммуникациялык курулмалар болушу керектигин кошумчалады.