Олимпиада оюндары — 2024

Балбан Үзүр Жузупбеков Париж Олимпиадасына жолдомо алды

Спортчуга жолдомо оңой менен келген жок. Ортодон утулуп, кайра жубатуучу беттешке чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Грек-рим күрөшүнүн балбаны Үзүр Жузупбеков Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алды.
Спортчу Стамбулда өткөн дүйнөлүк квалификациялык турнирге катышкан.
Үзүр килемде 97 килограмм салмакта беттешип, кармашты 1/16 баскычынан баштаган. Алгач болгариялык балбанды жеңип, кийин финляндиялыкка утулуп калган. Бирок атаандашы финалга чыккандыгына байланыштуу көңүл жубатуучу беттеш өткөргөнгө мүмкүнчүлүк алган. Анда биринчи күрөшүндө хорватиялык спортчуну мөөнөтүнөн мурда жеңип, кийин япониялык балбанды 8:0 эсебинде артта калтырган. Ал эми Олимпиадага жолдомо үчүн беттеште германиялык спортчуну 8:6 эсеби менен жеңген.
Ушуну менен Олимпиада оюндарына лицензия алган кыргызстандыктардын саны 10го жетти. Анын дээрлик көпчүлүгү балбандар.
Олимпиада оюндары — 2024
Амантур Исмаилов Париждеги Олимпиадага катышат! Бүгүнкү жеңиштин видеосу