Баасы 10 млн сом. УКМК Бишкекте 3 гектар жер менчикке өтүп кеткенин аныктады

Шектүү маркум кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин тууганы экени айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Бишкекте наркы 10 миллион сомго бааланган үч гектар муниципалдык жер тилкеси жеке менчикке өтүп кеткени аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Атайын кызмат шектүү катары А.М.Т. аттуу кишини кармады. Ал маркум кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин тууганы экени айтылууда.

"Аталган жаран ири суммага бааланган мамлекеттин жерин мыйзамсыз жеке менчикке чыгарууга көмөктөшкөндөн сырткары, жердин 3 миллион сомдон ашык ижара акысын кем баалап, төлөгөн эмес. Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун колдоосу менен С.Э. аттуу жаранды коркутуп, мүлкүн жана биргелешкен бизнестеги үлүшүн ээлеп алган", деп айтылат маалыматта.

Шектүү "караларга" жана туугандык байланыштарына таянып иш кылганы айтылат.
Учурда мыйзамсыз фактыларга тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка шектүүлөрдү аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
Чүйдө мыйзамсыз иштеген майнинг-ферма аныкталды