Кыргызстанда күйдүргү жуктурган адам аныкталды

Илдет мал этинен жукканы божомолдонууда. Башка дагы ооруну жуктургандар бар-жогу белгисиз.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Жалал-Абаддан келген аялдан 9-май күнү күйдүргү аныкталды. Маалыматты Бишкек шаарындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова тастыктады.
Маалыматка ылайык, илдет мал этинен жукканы божомолдонууда.

"Айылдардын биринде мал союлуп, эти таратылган. Этти алгандан кийин бейтаптын колу шишип, ыйлаакчалар пайда болгон. 9-май күнү ал Бишкектеги ооруканага кайрылып, медиктер күйдүргү деген диагноз койду", — деди ал.

Азырынча башка дагы ооруну жуктургандар бар-жогу белгисиз.
Күйдүргү — жер кыртышында узак жылдар бою сакталып, адамдарга жана жаныбарларга коркунуч алып келген бактериялык жугуштуу дарт.
Радио
Сатыбалдиев: Кыргызстанда эпизоотиялык абал туруктуу