Санкт-Петербургда дарыяга кулаган автобустагы жети адам көз жумду

Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу рулду башкара албай калган, унаанын тормозу да иштебей калган болушу мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Санкт-Петербургда дарыяга автобус кулап, жети адам көз жумду. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.
Транспортто жалпы 15 жүргүнчү жана айдоочу болгон.
Басылма каза болгондордун арасынан үчөөнүн аты-жөнүн жарыялады. Алардын бирөө 29 жаштагы, теги казакстандык Марина, экөө Петербургдун жашоочулары, 42 жаштагы Елена менен 56 жаштагы Андрей.
Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу рулду башкара албай калган, унаанын тормозу да иштебей калган болушу мүмкүн.
Окуядан кийин РФтин Кылмыш-жаза кодексинин "Транспорт каражатын башкаруу эрежелерин бузуу менен байкабастыктан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келүү" беренеси менен иш козголду.
Кытайда автомагистраль урап, кеминде 19 адам каза болду. Видео