Салык кызматынын ишин телефондон баалап, сын-пикир калтырса болот. Жол-жобосу

Сервисте кызматкерлердин компетентсиздиги же оройлугу, узакка тейлөө же кезек күтүү, кызматкерлердин телефонго алаксуусу сыяктуу факторлор көрсөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Салык органдарында бирдиктүү терезелердин ишинин сапатын баалоо боюнча онлайн-сервис ишке кирүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, бул — салык төлөөчүлөр үчүн тейлөөнүн сапатын жакшыртуу максатында жасалган аракет.
"Эми салык төлөөчүлөр кызматтардын сапаты боюнча пикир калтыра алышат. Ал үчүн салык органдарында жайгаштырылган QR-кодду сканерлеп, 5 баллдык көрсөткүч боюнча баалоо керек. Эгер оң бааңызды бере турган болсоңуз терезенин тейлөө номерин, салык органына барган күнүн жана убактысын көрсөтүү менен комментарий калтыра аласыз. Терс баа бере турсаңыз себептердин тизмесинен бир же бир нече вариантты тандайсыз. Маселен, кызматкерлердин компетентсиздиги же оройлугу, узакка тейлөө же кезек күтүү, кызматкерлердин телефонго алаксуусу жана башка факторлорду тандап басасыз", — деп жазылат кабарда.
Эгер салык төлөгөн адам кызматкерлер менен байланышууну кааласа, анда өзүнүн телефон номерин калтырса болору кошумчаланды.
Өлкөдө патент берүү кыйла кыскарды. Себеби