Акундун "Бейиш эненин таманында" тасмасы эл аралык сынакта баш байгени жеңип алды

"Туура багыттагы кино" фестивалы 2022-жылдан бери өткөрүлүп, 2023-жылдан бери фестиваль эл аралык статуска ээ.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Режиссёр Руслан Акундун "Бейиш эненин таманында" тасмасы III эл аралык кинофестивалдын баш байгеси менен сыйланды. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
1 / 2

Режиссёр Руслан Акундун "Бейиш эненин таманында" тасмасы III эл аралык кинофестивалдын баш байгеси менен сыйланды

2 / 2

Маалыматка ылайык, 10-майда Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Москванын Жеңиш музейинде III Эл аралык туура багыттагы кино фестивалынын байгелерин тапшыруу аземине катышкан

Маалыматка ылайык, 10-майда Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Москванын Жеңиш музейинде III Эл аралык туура багыттагы кино фестивалынын байгелерин тапшыруу аземине катышкан.
"Салтанатта "Дебют", "Мыкты режиссёр", "Мыкты даректүү тасма", "Мыкты кыска метраждуу фильм", "Мыкты анимациялык фильм", "Мыкты сценарий", "Биздин замандын каармандары" номинациялары боюнча фестивалдын жеңүүчүлөрү аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Конкурстун баш байгесине кыргызстандык режиссер Руслан Акундун "Бейиш эненин таманында" тасмасы татыды.
Сынакка жалпысынан 140тан ашык арыз келип түшкөн. Анын ичинен Россия, Беларусь, Кыргызстан, Кытай, Сербия жана башка өлкөлөрдөн 33 эмгек тандалып алынган.
Маалымат үчүн: "Туура багыттагы кино" фестивалы 2022-жылдан бери өткөрүлүп келет. 2023-жылдан бери фестиваль эл аралык статуска ээ.
Кинофестивалдын программасында Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу көркөм жана даректүү фильмдер гана эмес, ар кыл жанрдагы фильмдердин кеңири панорамасы каралган. Кинофестивалда салттуу баалуулуктардын, гуманизм идеяларынын негизинде жаралган мыкты тасмалар топтолгон.
"Бейиш эненин таманында" тасмасы Россияда кеңири прокатка чыгат