БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Михаил Мишустинди премьер-министрликке дайындады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, 10-майда Мишустиндин талапкерлиги Мамлекеттик Думанын кароосуна киргизилген. Парламенттин төмөнкү палатасы жалпы жыйынында Мишустинди премьер-министрликке бекитүү боюнча токтом долбоорун кабыл алып, өлкө президентине жөнөткөн.
Эми министрлер кабинетинин төрагасы Путинге бир жуманын ичинде аткаруу бийлигинин түзүмү боюнча сунуштарды, ал эми эки жуманын ичинде вице-премьерликке жана министрликтерге талапкерлерди Мамлекеттик Думанын бекитүүсүнө (күч структураларынын башчылары жана ТИМди кошпогондо) бериши керек.
Парламенттин төмөнкү палатасы чечимди бир жумадан кечиктирбестен кабыл алат. Ведомствонун спикери Вячеслав Володин 13-майда депутаттар вице-премьер-министрликке, 14-майда министрлике талапкерлер караларын белгиледи. Андан тышкары, бардык дайындоолор президент тарабынан бекитилиши керектигин кошумчалады.
Россиянын Коргоо министрлигинин, ФСБнын, Ички иштер министрлигинин, Юстиция министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Тышкы иштер министрлигинин жетекчилерин Федерация кеңеши менен кеңешкенден кийин мамлекет башчысы өзү дайындайт. Парламенттин жогорку палатасынын эл аралык комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Владимир Жабаров бул маселе боюнча консультациялар 13-майда башталарын билдирди.