Бишкектин борбордук бөлүгүнөн кичи автобустарды алуунун экинчи этабы башталды

Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Бишкекте шаардын борбордук бөлүгүнөн маршруткаларды алуунун экинчи этабы башталды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ахунбаев — 7-Апрель көчөсү (Курманжан датка) — Чүй — Манас проспекти менен чектелген алкактан №138, 163, 192, 202, 207, 220 маршруткалар, жалпы 159 кичи автобус чыгарылат.
Эске салсак, 1-этап 10-апрелде башталып, алты каттам өзгөрүлүп, 135 бус шаар чекесине чыгарылган. https://sputnik.kg/20240402/bishkek-meriya-dorogi-marshrut-1083910212.html
Үчүнчү этап 1-июнда башталып, 20дан ашык каттамдагы 500дөн ашык кичи автобустарды чыгаруу пландалууда.
Ак-Өргөөгө №216 каттам менен эми автобус жүрө баштайт