Бишкек — Кара-Балта жолуна салынган асфальттын бир бөлүгү кайра алмаштырылат

Бишкек — Кара-Балта жолун реконструкциялоо 2017-жылы башталып, узундугу 52,5 чакырымды түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Бишкек — Кара-Балта жолуна салынган асфальттын бир бөлүгү кайра алынат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, апрелде жолго асфальт төшөлгөндөн кийин мамкурулуш текшерип, кемчиликтер аныкталган.
Аталган трассанын Александровка айылынын тушундагы бөлүгүндө 217 метрлик жерди кайра жасоо тапшырылганы белгиленди. Эми подрядчы кытай компаниясы бир айдын ичинде жолго жаңы асфальт төшөп чыгышы керек.
Белгилей кетсек, Бишкек — Кара-Балта жолун реконструкциялоо 2017-жылы башталган. Жалпы узундугу 52,5 чакырымды түзөт. Калктуу конуштардагы оңдолгон жолдун негизги унаа жүрүүчү бөлүгү алты тилкелүү болуп, туурасы 3,5 метрди түзөт.
Пресс-борбор
Транспорт министрлиги: быйыл 500 чакырым жол куруу пландалууда