Ат-Башыда катуу шамал болуп, 6 адам жабыркады

Шамалдан жабыркагандардын үчөө ооруканага жаткырылып, калганы үйүнөн дарыланып жатканы маалымдалды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Ат-Башы районунда 10-майда катуу шамал катталып, алты адам жабыркады. Бул тууралуу аймактык кабарчы жергиликтүү администрацияга шилтеме кылып билдирди.
1 / 3

Ат-Башы районунда 10-майда катуу шамал катталып, алты адам жабыркады

2 / 3

Маалым болгондой, шамал 20дай үйдүн жана имараттын чатырын алып кеткен

3 / 3

Жабыркагандардын үчөө ооруканага жаткырылып, дарыгердин көзөмөлүндө болууда. Калганы амбулатордук жардам алып үйлөрүнө кеткен.

Маалым болгондой, шамал 20дай үйдүн жана имараттын чатырын учуруп кеткен.
"Жабыркагандардын үчөө ооруканага жаткырылып, дарыгердин көзөмөлүндө болууда. Калганы амбулатордук жардам алып үйлөрүнө кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле бүгүн мектеп, бала бакчалар аралыктан окуп жатканы кошумчаланды.
ӨКМ селдин жүргөн себептерин санап берди