12-майга карата аба ырайы

12-майга караган түнү өлкөнүн айрым жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май. — Sputnik. Жекшемби күнү көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +15...+20, Таласта +14...+19, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +18...+23, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +17...+22 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн, Ошто күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Күндүн табы борбор калаада +17...+19, Ошто +21...+23 градуска көтөрүлөт.
Жаанчыл болобу? Май айына карата аба ырайы