Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору жаратылышка чыгуу жан дүйнөнү да, дене бойду да эс алдыруунун мыкты түрү экенин белгилеп, бирок мындайда коопсуздукту эске алуу зарылдыгын эскертти.Борбор эс алуучуларды төмөнкү эрежелерди сактоого чакырган:жаратылыш койнуна ачык кийимдерди кийип баруудан алыс болуңуз. Бутту, колду толук жапкан спорттук кийимдер ыңгайлуу келип, кенеден да сактайт;кумурсканын уюгу, аарынын уясы сыяктуу жайларды кылдат карап, алардан алыс болуу керек;эс алууга балдар менен барганда аларды кароосуз калтырбагыла. Өзгөчө суу жээгине барганда коопсуздукту катуу сактоо эскертилет;токойдогу түрдүү мөмө-чөмө, козу карындарды үзүп, терип жебегиле. Алар уулуу болуп калышы мүмкүн.көлмөдөгү сууну ичпегиле;уруксат берилбеген, сизге тааныш эмес болгон көлмөлөргө түшпөгүлө;алкоголду ашыкча ичпегиле.
Салык органдарында бирдиктүү терезелердин ишинин сапатын баалоо боюнча онлайн-сервис ишке кирүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.Билдирмеге караганда, бул — салык төлөөчүлөр үчүн тейлөөнүн сапатын жакшыртуу максатында жасалган аракет."Эми салык төлөөчүлөр кызматтардын сапаты боюнча пикир калтыра алышат. Ал үчүн салык органдарында жайгаштырылган QR-кодду сканерлеп, 5 баллдык көрсөткүч боюнча баалоо керек. Эгер оң бааңызды бере турган болсоңуз терезенин тейлөө номерин, салык органына барган күнүн жана убактысын көрсөтүү менен комментарий калтыра аласыз. Терс баа бере турсаңыз себептердин тизмесинен бир же бир нече вариантты тандайсыз. Маселен, кызматкерлердин компетентсиздиги же оройлугу, узакка тейлөө же кезек күтүү, кызматкерлердин телефонго алаксуусу жана башка факторлорду тандап басасыз", — деп жазылат кабарда.
Бала начар уктап, түнт боло баштаса мектептен ыдык көрө баштаган болушу мүмкүн. Бул тууралуу Республикалык психикалык борбордун адиси, психолог Людмила Новиченок Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, ыдык көрсөтүү психологиялык агрессиядан башталып, кибербуллингге чейин жетиши ыктымал."Буллинг — бул татаал жана олуттуу көрүнүш. Бала басмырлоонун , шылдыңдын курмандыгы болуп калганын өз убагында түшүнүү маанилүү. Көбү ата-энесине көйгөйүн айта бербейт, бирок жүрүм-турумунда өзгөрүүлөр сөзсүз болот. Мисалы, бала начар уктап, түнт болуп, мектептен маанайы начарлап кайтса ал кордолуп, мазакталып жатышы ыктымал", — деди Новиченок.
Михаил Мишустиндин премьер-министрликке талапкерлиги Мамлекеттик Дума тарабынан жактырылды. Аны депутаттардын 83 пайызы колдогон.Владимир Путиндин инаугурациясынан кийин дароо эле Мишустиндин жетекчилиги астында министрлер кабинети отставкага кеткен. Бүгүн Россиянын президенти Мамдумага аны мурдагы кызматына кайтаруу үчүн талапкерлигин киргизген.Президент тарабынан дайындалгандан кийин министрлер кабинетинин башчысы эки жуманын ичинде Мамлекеттик Думага өзүнүн орун басарларына жана министрлерине талапкерлерди сунушташы керек.Федерация Кеңеши менен макулдашуу боюнча Владимир Путин тарабынан тандалып алынган коопсуздук кызматкерлерине, Тышкы иштер жана Юстиция министрликтеринин жетекчилерине тиешелүү эмес.