Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын бири мамлекеттин менчигине өттү

Базар жайгашкан жер тилке учурунда мыйзамсыз берилип, азыр кайра кайтарылганы маалымдалды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Жалал-Абад шаарындагы "Шабдалы-Зар" соода-базар комплекси мамлекеттин менчигине өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
1 / 3

Жалал-Абад шаарындагы "Шабдалы-Зар" соода-базар комплекси мамлекеттин менчигине өттү

2 / 3

Маалыматка ылайык, ал Кадыржан Батыровдун аффилирленген жактарына таандык болуп, баасы 412 миллион 111 миң сомду түзөт

3 / 3

Аталган аймак бир нече жылдар бою базар катары колдонулуп, учурда Жалал-Абад мэриясынын балансына өткөрүп берүү процесси жүрүп жатканы кошумчаланды

Маалыматка ылайык, ал Кадыржан Батыровдун аффилирленген жактарына таандык болуп, баасы 412 миллион 111 миң сомду түзөт.
"Жалал-Абад мэриясы 1994-жылы "Дустлик" ААКсы менен аффилирленген жеке компанияга мыйзамсыз жер тилке бөлүп берген. Аталган акционердик коомдун акцияларынын контролдук пакетинин 85 пайызы Кадыржан Батыровго таандык болгон. Тактап айтканда, аталган жер тилкеси Батыровго мыйзамсыз сатылып, ал өз кезегинде 2009-жылы жалган бүтүм аркылуу М.А. жана Р.Ш. (К.Батыров менен аффилирленген жактар) менен сатып алуу-сатуу келишимин түзгөн", — деп жазылган маалыматта.
Аталган аймак бир нече жылдар бою базар катары колдонулуп, учурда Жалал-Абад мэриясынын балансына өткөрүп берүү процесси жүрүп жатканы кошумчаланды.
Кара-Сууда мыйзамсыз курулган бажы терминалы мамлекетке өткөрүлдү