"Кыргыз мерген" ишканасын түзүү сунушталууда. Максаты

Жыл сайын мыйзамсыз аң уулоо күч алып, былтыр 240 мыйзам бузуу факты аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Кыргыз мерген" мамлекеттик ишканасын түзүүнү сунуштоодо. Тиешелүү токтомго өзгөртүү долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Документтин негиздемесинде аталган мамлекеттик ишкананын уставын бекитүү бюджетке кирешени көбөйтүү максатында иштелип чыкканы айтылган.
Ошондой эле учурда өлкөдө 14,4 миллион гектар аянтта 52 аңчылык (41 жеке, 9 коомдук жана 2 мамлекеттик) фирма иш алып барары, бул өз кезегинде жапайы жаныбарлардын популяциясын көзөмөлдөөгө жол ачары белгиленген. Бирок жыл сайын мыйзамсыз аң уулоо күч алып, былтыр 240 мыйзам бузуу факты аныкталган.
"Өкмөттүн 2016-жылдын 11-августундагы токтомуна ылайык конкурс өткөрүлүп, жеңүүчүлөрү менен мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимдер түзүлгөн. Бүгүнкү күндө көпчүлүгүнүн мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу министрлик тарабынан кайтаруу жана биотехникалык иш-чаралардын сапатын жакшыртууга жана чет элдик аңчылыктан түшкөн каражатты эки эсе көбөйтүүгө көмөктөшө турган мамлекеттик ишкана түзүү сунушталууда", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле былтыр аңчылыктан 105 миллион 267 миң 500 сом түшкөнү кошумчаланды.
Радио
Токтошев: фотоаңчылыкка шарт түзүү менен ири киреше таап, туризмди өнүктүрөбүз