Жүндү кайра иштетүү толук жолго коюлабы? Кыргызкийиздин ишмердүүлүгү

Sputnik
«Кыргызиндустрия» ААКсынын базасында жаңы туунду ишкана – «Кыргызкийиз» ЖЧКсы түзүлдү. Ишкана Кыргызстандын фермерлеринен жүндү сатып алып, аны кайра иштетүү жана “Кыргызстанда жасалган” бренди менен кийиз буюмдарын чыгаруу максатын көздөйт. Жүндү кайра иштетүү жана андан кийиз буюмдарын жасоо тармагына мурда мамлекет эмнеге көӊүл бурган эмес? Эми өкмөт тараптан кандай колдоо болот? Бул тармактын учурдагы потенциалы кандай?
Sputnik Кыргызстан радиосунун “Күн башат” программасында суроолорубузга жооп алдык.