Жаңылыктар. Чыгарылыш 07:00

Sputnik
Бишкек шаардык мэриясы “Аккула” ат майданынын жери үчүн аукцион 16-май күнү, саат 10:00дө болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди. Ат майдандын жалпы аянты 45,736 гектар жана андагы имараттардын аянты 1818,5 чарчы метрди түзөт. Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимди муниципалдык менчикти менчиктештирүү жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча комиссия кабыл алды. Көз карандысыз эксперт тарабынан объекттин баштапкы баасы менен белгиленген 8,7 миллиард сом өлчөмүндө баалоо жүргүзүлгөн. Быйыл 21-мартта «Аккула» ат майданынын жаңы курула турган имаратына капсула салынган. Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жаңы ат майданда көк бөрү оюндарын көрүү үчүн 10 миң орун, башкы ат майдан 20 миң орундуу болору мерчемделген. Мурдагы ат майдандын аянты 57 гектар болчу. Жаңы ипподромго 200 гектардан ашык жер бөлүнүп берилди.
Жыл башынын тартып, өлкө аймагында 372миң 246 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталып, мамлекеттик буджетке 170 млн 075миң 395сом өндүрүлгөн. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, анын ичинен: Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 31миң 690 унаа айып короо жайына токтотулган.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги гилас өстүрүү боюнча тиешелүү кеңештерди сунуштады. "Алдыда Ош, Жалал-Абад, Баткен жергесинде гилас өстүрүү жана аны экспортко чыгаруу боюнча иштер турат. Буга байланыштуу таза органикалык мөмө өстүрүү үчүн ооруларына жана зыянкечтерине каршы биологиялык каражаттарды колдонууну сунуштайбыз", — деп айтылат маалыматта. Мекеме гиластын зыянкечтери жана оорулары – өсүмдүк бити жана кенелери жана тешикче тактары, коккомикоз же кызыл күрөң тактар экенин белгилеген. Бул көйгөйлөр менен күрөшүүгө төмөнкүдөй ыкмалар сунушталат. Биологиялык энтомофаг ыкмасы алтын көз жана амблесейус энтомофагдары менен ишке ашат. Ал эми грибок ооруларына триходермин деп аталган биологиялык препаратты колдонсо болот.
Батыш саясатчыларынын Украинага аскер жөнөтүү боюнча айткан билдирүүлөрү болуп көрбөгөндөй жоопкерчиликсиздик, муну чатакты ырбатуу катары караса болот. Бул туурасында Тышкы чалгын кызматынын директору Сергей Нарышкин РИА Новостиге айтып берген. "Билдирүүнүн өзүн эле чатакты ырбатуу үчүн жасалган кадам деп билсе болот", — деген Нарышкин Батыштын Украинага аскер жөнөтүү боюнча айтып жаткандарына комментарий берип жатып.2024-жылдын февралында Макрон Евробиримдиктин мамлекет башчылары Украинаны орто жана алыс аралыкка атуучу ракеталар менен камсыздоочу "тогузунчу коалицияны" түзүүнү макулдашканын билдирген. Анын айтымында, Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери Украинага аскер жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн да талкуулашкан.
Президент Жозеф Байден CNN телеканалына берген интервьюсунда Израилге АКШ берген курал Газа тилкесиндеги миңдеген адамдардын өлүмүнө себепкер болгонун биринчи ирет эл алдында мойнуна алды. Бул туурасында РИА