11-майга карата аба ырайы

11-майда өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Ишембиде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу райондорунда сел жүрөрү болжолдонду. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +16…+21, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +18…+23, Талас аймагында +15…+20, Ысык-Көл жеринде +20…+25, Нарын өрөөнүндө +21…+26 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +18…+20, Ош шаарында +20…+22 градуска чейин көтөрүлөт.
Шашылыш билдирүү. Майрамдан кийин аба ырайы кескин өзгөрөт