БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Чүй облусундагы Аламүдүн капчыгайынан жоголгон россиялык үч турист аман-эсен табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, туристтер Новосибирскидеги тааныштарына байланышка чыгышкан. Үн байланышы аркылуу ӨКМдин кызматкерлери туристтердин турган дарегин болжолдуу видеого түшүрүшкөн.
"Бүгүн таң эрте издөөгө чыккан куткаруучулар болжолдуу түшүрүлгөн дарекке карай багыт алышкан. Адистер куткаруучулар менен туристтердин аралыктарын Google картадан аныктап, так маалыматтарын тез-тез берип турушту. Натыйжада чет элдик туристтер куткаруучуларга жолугуп, ылдый карай жол баштады", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 8-май күнү ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгына Спорттук туризм федерациясы коомдук бирикмесинин башчысы кайрылган. Ал Россиядан келген үч турист 30-апрелде Ысык-Ата капчыгайынан маршрут боюнча Аламүдүн капчыгайына ("Теплые ключи") жөө чыгып, дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.
62 жаштагы эки, 58деги бир туристти бүгүн ӨКМдин кызматкерлери издеп кеткени маалым болгон.