Путин Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттуктады

РФтин президенти Россия жана Кыргызстан элдери үчүн бул майрам көөнөрбөс мааниге ээ экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Россиянын лидери Владимир Путин мамлекет башчы Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын ардагерлерин Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
РФ президенти Россия жана Кыргызстан элдери үчүн бул майрам көөнөрбөс мааниге ээ экенин белгилеген.
"Сансыз курмандыктарды жана оор кыйынчылыктарды туудурган нацисттик баскынчыларды талкалаган аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын — фронттун жоокерлери менен ооруктун эмгекчилеринин элесин түбөлүккө сактайбыз. Алар мураска калтырган бир туугандык, достук жана өз ара жардамдашуу салттары биздин өлкөлөр ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да өнүктүрө берерине ишенем", — деп айтылат куттуктоодо.
Ошондой эле Владимир Путин Кыргызстанда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине ыраазычылык сөздөрүн айтып, бекем ден соолук, бакубатчылык жана узак өмүр каалаган.
Тынчтык үчүн кан төккөндөр унутулбайт! Садыр Жапаровдун куттуктоосу