Путин менен Пашинян Армениядан россиялык аскерлерди чыгарууну макулдашты

Армениядагы россиялык аскерлер аймактагы коопсуздукту камсыздачу, аларды чыгарып кетүү чыңалуунун күчөшүнө алып келиши ыктымал экени белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Россия менен Армениянын лидери Владимир Путин жана Никол Пашинян Армениянын айрым облустарынан россиялык аскерлер менен чек арачыларды чыгарууну макулдашты. Бул тууралуу РИА Новостиге РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.
"Шарттар өзгөргөндүктөн Пашинян менен Путин аталган маселени макулдашканы анык", — деди ал.
Песков армян тараптын өтүнүчү боюнча россиялык чек арачылар Иран жана Түркия менен чектешкен жерде кала турганын кошумчалады.
Армения — Россиянын өзүнөн башка аймакта чек арачыларын жайгаштырган жалгыз өлкө. Федералдык коопсуздук кызматынын чек ара башкармалыгы армениялык кесиптештери менен бирге 1992-жылдан бери Түркия жана Иран менен чектешкен аймакта кызмат өтөп келишет.
2021-жылы эки тараптуу кызматташтыктын алкагында Азербайжандын чек ара аймагындагы Тавуш облусунда Россиянын чек арачыларынын посттору пайда болгон. Март айында Пашинян Ереван Азербайжан менен чек араны делимитациялоону дал ушул тилкеден баштоого даяр экенин билдирген. Анткен менен апрелдин этегинде өкмөт башчы кырдаал өзгөргөнүн, эки тарап чек араны өз алдынча кайтарууга даяр экенин айтып, россиялык аскерлер облустан чыгарыларын билдирген.
Федерация кеңешинин коргоо комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Виктор Бондаревдин пикиринде, Армениядагы россиялык аскерлер аймактагы коопсуздукту камсыздачу, аларды чыгарып кетүү чыңалуунун күчөшүнө алып келиши ыктымал.
Лавров Армения ЕАЭБден көбүрөөк пайда көрөрүн айтты