Байсалов Нарындагы согуш ардагерлерине барды. Сүрөт

Байсалов Садыр Жапаровдун атынан ардагерлерге 100 миң сомдон тапшырды. Ал аксакалдарга бекем ден соолук каалап, эрдиктери эч качан унутулбастыгын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ат-Башы айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Сатынды Жапаровго, ошондой эле Нарын районунун Кара-Суу айылындагы ардагер Тапа Керимкуловго барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ат-Башы айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Сатынды Жапаровго барды
Байсалов аксакалдардын ар бирине 100 миң сомдон тапшырган. Каражат президенттин фондунан бөлүнгөн. Ал ардагерлерге чың ден соолук, бакыт-таалай каалап, эрдиктери эч качан унутулбастыгын белгилеген.
Сатынды Жапаров 98 жашта, 1943-жылы 17 жашында согушка аттанган. Андан кийин колхоздо, май заводунда иштеген.
Тапа Керимкулов 98 жашта, ал да 17 жашында фронтко жөнөгөн. Согуштан кийинки жылдарда ички иштер органдарында жана энергетика тармагында эмгектенген
Панфилов дивизиясынын жетекчилиги Ысык-Көлдөгү ардагерлерди куттуктады