Байден Газадагы миңдеген кишинин өлүмүнө АКШнын катыштыгы бардыгын моюндады

Президентке Газа тилкесиндеги аскердик операция калк жыш жайгашкан Рафах шаарына жайылып кетет деген кооптонуулардан улам Израилге берилбей калган "2000 фунттук аба бомбалары" боюнча суроо беришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Президент Жозеф Байден CNN телеканалына берген интервьюсунда Израилге АКШ берген курал Газа тилкесиндеги миңдеген адамдардын өлүмүнө себепкер болгонун биринчи ирет эл алдында мойнуна алды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Бул бомбалардын кесепетинен (колдонулушунан — ред.) Газада жай жарандар каза тапты", — деген ал.
Байденге Газа тилкесиндеги аскердик операция калк жыш жайгашкан Рафах шаарына жайылып кетет деген кооптонуулардан улам Израилге берилбей калган "2000 фунттук аба бомбалары" боюнча суроо беришкен.
Эске салсак, Израиль менен Палестинанын кырды бычак мамилеси 2023-жылдын 7-октябрынан тарта ХАМАС Израилге сокку урду делгенден тарта курчуп кеткен. Мындан кийин анын жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган. Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Октябрдын аягында Израиль армиясынын анклавдагы операциясы башталган. Газаны кургактагы каршылаш тараптын күчтөрү курчоого алгандыктан анклав түндүк жана түштүк аймакка бөлүнүп калган. Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндер менен израилдиктердин жаңжалы ондогон жылдардан бери аймактагы кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Израилде, өкмөттүн акыркы маалыматы боюнча, 1,2 миңге жакын адам каза таап, 5 миңден ашууну жарадар болгон. Ал эми Газа тилкесинде 34 миңдей адам набыт болуп, 78 миңден көбүрөөк киши жаракат алган.
БУУ Израилди Рафахта элди эвакуациялоодо бардык нормаларды бузду деп айыптады