Улуу Ата-Мекендик согуш жылдары кыргыз тасмаларында кандай чагылдырылган?

Sputnik
Стамбулбек Мамбеталиев Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарын чагылдырган кыргыз тасмаларын хронологиялык түрдө атап берди. Анын айтымында, согуш жылдары тасмаларда эң көп Чынгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу берилген. Кыргыз кино тасма жаратуучулары тарабынан тартылган Улуу Ата Мекендик согуш темасын чагылдырган фильмдер Советтер Союузунун кинематографиясында өзгөчө орунду ээлеп, азыркы күнгө чейин көрүүчүлөрү арбын.
Мейли кан күйгөн майдан, мейли күжүрмөн эмгек жүргөн тыл болсун, кыргыз киночулары ошол кездеги жашоону реалдуу чагылдырып, экран сыртындагылардын жан дүйнөсүнө жеткире алган дейт бүгүнкү “Стоп кадр” уктуруусунун каараманы.