СССРдин баатыры, учкуч Ысмайылбек Таранчиев: Архивден табылган кызыктуу документтер, тартылган даректүү тасма

Sputnik
1933-жылы Кыргыз АССР Эл комиссарлар кеңешинин токтому менен республикалык авиаотряддын түзүлүшү менен Кыргызстандын жарандык авиациясы түптөлгөн. Адегенде бул авиаотряддын курамында айыл чарбага багытталган "У-2" деп аталган үч учак болгон.
Ал мезгилде СССРде учкуч болууну самаган жаштар көп эле. 1934-жылдын апрелинде ыктыярчылардын күчү менен Фрунзе аэроклубу ачылып, жаштар "У-2" машыктыруучу учагын айдаганды үйрөнүшкөн. Самолёттордон парашют менен да секиришчү. 1940-жылы Ысмайылбек Таранчиев да жогорудагы аэроклубдун курсанты болот. Анын кыялы аскердик учкуч болуу эле. 1941-1943-жылдары Ысмайылбек Оренбург шаарындагы аскердик авиациялык училищесинде окуйт. 1944-жылы ал Ленинград блокадасын алууга катышат. Ошол эле жылы Таранчиев айдаган Ил-2 учагы гитлерчилердин соккусунан күйүп, аткычы Алексей Ткачев менен учагын гитлерчилердин май куюучу жайында топтолгон танкаларды көздөй бурат. Экөө тең курман болот, анткен менен фашисттердин бир топ аскердик техникасын талкалоого үлгүрүшөт.
Кийинчерек аталган каарман тууралуу даректүү тасма тартылат. Бүгүнкү уктуруубуз мына ушул документалдык фильм тууралуу болмокчу.