Улуу Жеңишке 79 жыл!

Sputnik
Быйыл Улуу Жеңишке 79 жыл толду! 350 миңден ашуун Кыргыз ССРинин жарандары аттанган Улуу Ата Мекендик согушта алардын 4/3 бөлүгү кайтпай калган. Ар бир төртүнчү кыргызстандык кан майданга аттанган фашисттик баскынчылыктын адамзат келечегине коркунучу кандай эле? От кечкен согушка карабай экономиканы өргө тартып, илим-билим өнүккөн мамлекеттин сыры эмнеде? Андагы жоокерлер кулак түбүнөн учкан октун астында жатып, жакындарына эмне деп кат жазышкан? Эмне деп жубатып, эмне деп сооротушкан? Тылдагы кыз-келиндер, кары-картаң, бешиктен бели чыга элек балдар, кан кечкен жоокерлерге кантип дем беришкен?
Мунун баары тууралуу бүгүнкү “Ачык кеп” программасында сүйлөшөбүз.