Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Бир да жоокердин буту баспайт!" ЖМК НАТОнун алдыдагы чечими тууралуу

Бул чечим НАТОнун июль айында Вашингтондо өтүүчү саммитинде бекитиле турган документтин долбоорунда камтылганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. НАТО июль айында АКШда өтүүчү саммитте Украинага аскер жибербөө тууралуу расмий чечим кабыл алышы мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik радиосу италиялык Corriere della Sera гезитине таянуу менен билдирди.
"Бир да жоокердин буту баспайт!" Corriere маалыматына караганда, бул — НАТОнун Вашингтондо 9-11-июлга белгиленген саммитинде бекитиле турган документтин долбоорунда камтылган негизги сөздүн бири.
"Кеп Украина жөнүндө болуп жатат. Атлантикалык альянс аскерлерин согушка жибербейт", — деп айтылат макалада.
Ошондой эле саммитте "Рамштайн" форматындагы байланыш тобуна төрагалык кылууну НАТОнун Брюсселдеги башкы кеңсесине өткөрүп берүү пландалып (Пентагондун башчысы Ллойд Остинден) жатканы белгиленди.
"Бул кадамдын практикалык себеби бар. Киевге жеткирилген материалдардын 99 пайызы Атлантикалык альянстагы 32 өнөктөштөн келет. Мында саясий түшүндүрмө да бар. Батыш блогунун аракеттери улуттук коомдук пикирдин көз алдында да, Владимир Путиндин көз алдында дагы бир добуштан болот", — деди маалыматтын автору.
Буга чейин Италия НАТОнун Украинадагы жаңжалга кийлигишүүсүнө каршы экени айтылган.
Ажырым, бөлүнүү. Эл аралык валюта фонду дүйнө экономикасынын үч блогун атады