Парламентте үч жаңы депутат ант берди

Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Жогорку Кеңеште шайланып келген үч депутат ант берип, ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.
№2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан Бактыяр Калпаев, №9 Кара-Суу шайлоо округунан Илимбек Кубанычбеков, №7 Ош шайлоо округунан Бекмурза Эргешов депутаттыкка шайланган.
1 / 3

Бактыяр Калпаев

2 / 3

Илимбек Кубанычбеков

3 / 3

Бекмурза Эргешов

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Нурлан Ражабалиев, Искендер Матраимов, Айбек Осмоновдор мандатынан баш тартып, 28-апрелде мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн. Ал эми 7-майда БШК жаңы шайланган депутаттарга күбөлүк жана төш белгилерди тапшырды.
Жогорку Кеңешке эки жаңы депутат келди